Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов дүйнө салды
Кыргыз эл жазуучусу, публицист, коомдук ишмер Кеңеш Жусупов 13-мартта дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев Фейсбукка жазды.
Маркум 1937-жылы Нарын облусундагы Эчки-Башы айылында туулган.
1954-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, өтпөй калат. Эки жыл «Коммунизм» колхозунда колхозчу, китепканачы, комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштеген.
1956-жылы жат жазууну мыкты жазганынын аркасы менен Кыргыз улуттук университетинин...