Пентагондо Ирандагы мектепке болгон соккуну иликтеген жооптуу адам дайындалды
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Ирандагы мектепке болгон кандуу соккуну иликтеген жооптуу адамды дайындады. Ал Борбордук командачылыкка (CENTCOM) кирбейт. Хегсет анын атын атаган жок, бирок окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн иликтөө “канча зарыл болсо ошончо убакытка созуларын” белгиледи.
Каргаша 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы сокку баштаган күнү Минаб провинциясында болгон. Жергиликтүү бийлик бери дегенде 175 киши, арасында 168 бала өлгөнүн билдирген.
Расмий булактар алдын ала далилдерге шилтеме менен кабарлагандай...