Жергиликтүү 137 судьянын сот иштерин кароодо көрсөткүчтөрү төмөн экени аныкталды
Кыргызстанда 2025-жылы 441 судьянын 137синин кабыл алган сот актыларынын күчүндө калуу көрсөткүчү төмөн деп бааланды. Бул жергиликтүү соттордо иштеп жаткан жалпы судьялардын санынын 31% түзөт. Башкача айтканда, 137 судья чыгарган өкүмдөр кийинки инстанцияларда жокко чыккан учурлар көп болгон.
Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев 12-мартта аталган соттук мекеменин пленумунун жыйынында айтты.
Расмий маалымат боюнча, былтыр жергиликтүү соттор 280 миң 308 соттук иш жана материал караган.