Өкмөт өкүлү күйүүчү майдын кымбатташына жол берилбей турганын айтты
Кыргызстанда күйүүчү май баасынын көтөрүлүшүнө жол берилбейт, бул маселе Министрлер кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов 13-мартта журналисттерге билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу баа тобокелчиликтери изилденип чыкты:
"Баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биздин негизги күйүүчү май жеткирүүчүбүз Орусия жана бизге бөлүнгөн квоталар бар. Орусия тышкы таасирлерге...