Израил Ирандын башкалаасына "жапырт сокку" уруп жатканын билдирди
Израилдин аскерлери (ЦАХАЛ) Ирандын башкалаасына “жапырт сокку” уруп жатканын билдирди.
“ЦАХАЛ Ирандын террордук режиминин Тегерандагы инфраструктурасына каршы кеңири чабуулдун толкунун баштады”, - деп жазды 13-мартта израилдик армия Телеграм каналына.
Перс тилиндеги постунда алар аскердик жайлар бомбаланарын, башкалаанын жана Казвин шаарынын тургундарына коопсуз жерлерге эвакуация болууну эскертишти.
Ал арада АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) “Эпикалык каардануу” операциясы башталгандан бери...