УКМК адвокат акча талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы судья кызматкери, азыр адвокат болуп иштеп жаткан адам (А.К.А.) акча талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын 13-марттагы маалыматында тергөөдө шектүү кызматтык абалын жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин чыгарып берүүгө көмөк көрсөтүү үчүн акча талап кылуу схемасын уюштурганы аныкталган.
УКМК ал башта жабырлануучудан 25 миң доллар алганы такталганын билдирди. Кийин дагы 7 миң доллар талап кылып...