Дарыгердин айлык акысы апрелден тартып 100% көтөрүлөрү парламентте айтылды
Дарыгерлердин айлык акысы 1-апрелден тартып 100% көтөрүлөрүн саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев 13-мартта парламентте “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын сөзүнө караганда, алыскы аймактарда иштеген дарыгерлердин депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көбөйөт.
"Бул үч айда бир 66 миң сомдон алышат дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген жетишсиз, көйгөй болуп жаткан бир нече кесиптер бар, бул - неонатолог, педиатр...