Мамлекеттик "Айыл банктын" аталышы "Абанк" болуп расмий өзгөрдү
Улуттук банктын 12-марттагы чечими менен "Айыл банк" ачык акционердик коомунун" аталышы расмий түрдө "Абанк" ачык акционердик коому" деп өзгөртүлдү. Кыскартылган варианты "Абанк" болот.
Банктын аталышын өзгөртүү чечими 2-февралда "Айыл банктын" акционерлеринин жыйынында кабыл алынган.
"Айыл банк" 1996-жылы Кыргызстан өкмөтүнүн финансы жана техникалык колдоосу менен "Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы" деген аталыш менен түзүлгөн. Максаты - айыл чарбасын өнүктүрүүчү насыяларды берүү болгон....