Тамакка ууланып, ооруканага түшкөндөрдүн жетөө үйүнө чыкты
Бишкекте "Буффет" ашканасынын тамагына ууланып, жугуштуу оорулар ооруканасына түшкөн бейтаптардын жетөө сакайып, үйүнө чыгып кетти. Бул тууралуу 13-мартта аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев "Азаттыкка" билдирди. Алиев ошондой эле оор абалда келип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган бейтаптын да абалы жакшырганын кошумчалады:
"12-март күнү аны жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага чыгардык. Абалы жакшы".
Алиев кечээ ашкана тамагына ууланган дагы бир адам кайрылганын, ошону менен жалпы уулангандардын саны 21 болгонун айтты.