Ливан: Израил аскердик операциясын кеңейтүүдө
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 12-мартта эртең менен Израилдин соккусунан кеминде 8 киши каза тапканын билдирди. Он күнчө мурун ливандык "Хезболла" согушкер тобу Ирандын жогорку көсөмү аятолла Али Хаменеинин өлүмү үчүн "өч аларын айтып", Израилди аткылоого киришкен.