"Бир дүйнө–Кыргызстан" уюму балдардын сырттан диний билим алуусун тыюу мыйзамына каршы чыкты
"Бир дүйнө–Кыргызстан" укук коргоо уюму жашы жете элек балдардын чет өлкөлөрдөн диний билим алуусуна тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршылыгын билдирүүдө. Уюм 12-мартта тараткан билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин белгилеп, аны кайтарып алууга чакырды.
Уюм долбоордо кайсы окуу жайлары балдардын жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратуучу "деструктивдүү" мүнөздөгү мектептер деп эсептелери так жазылбаганын белгилеп, чектөө чет...