Кыргызстандын аймактарында көчмө диагностикалык комплекс иштеп жатат
Март айынын башынан тартып мульти-диагностикалык комплекс Ош облусунун Араван районунда иштеп, ал жактагы элдин саламаттыгын акысыз текшерип жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги 12-мартта билдирди.
Аталган комплекс Араванда үч айдай иштеп, андан кийин Кочкор районуна кетет.
Министрликтин маалыматында дарт аныктоочу көчмө комплекс элет тургундарына акысыз медициналык кароо, адистердин консультациясы, дарылоо жана кеңири диагностикалык кызматтарды ыңгайлуу жана жеткиликтүү форматта көрсөтөрү жазылган.