Журналист Алтынай Арстанбекова эки айга тергөө абагына камакка алынды
Соцтармактарда фейк аккаунт аркылуу бийлик башындагыларды жамандаган постторду жазууга шектелип кармалган журналист Алтынай Арстанбекова эки айга тергөө абагына камалды. Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-мартта чыгарганын 12-мартта аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" тастыктады.
Журналист 9-майга чейинки убакытка тергөө абагына киргизилди.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Фейсбукта Даниэль Жоошбаев деген аккаунттун...