"Социалдык келишим" долбооруна жыл башынан бери 1825 арыз берилди
11-мартка карата аз камсыз болгон, жаш балалуу үй-бүлөлөрдөн "Социалдык келишим" долбооруна 1825 арыз келип түштү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, алардын ичинен 607 үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Келишимдердин жарымынан көбү айыл чарба багытында ишкерлик кылууга багытталган.
Министрлик аталган келишим боюнча арыздарды кабыл алуу уланып жатканын кошумчалады.
Аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүүгө багытталган “Социалдык келишим” программасы 2022-жылдан бери иштеп келе жатат.