Милиционерди уруп, көзүн жабыркатууга шектелген жаран кармалды
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кызматкерин уруп, көзүн жабыркатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 12-мартта аталган милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ленин РИИБне 11-март күнү болжол менен саат 21:30 чамасында Жумабек көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде коңшулардын ортосунда жаңжал чыккандыгы тууралуу билдирме келип түшкөн. Анын негизинде милиция кызматкери көрсөтүлгөн дарекке барган.
"Окуянын жагдайларын тактоо учурунда аталган үйдүн лифтинен белгисиз жаран чыгып...