1-апрелден тартып бардык мугалимдердин айлыгы 100% жогорулайт
Агартуу министрлиги Кыргызстанда 1-апрелден тартып бардык мугалимдердин айлык акысы 100 пайыз жогорулай турганын билдирди. Министрлик 11-мартта тараткан маалыматта айлык акыны көбөйтүү президент Садыр Жапаровдун чечими менен болуп жатканы, бул билим берүү тармагынын кызматкерлеринин баарына тийиштүү экени жазылган.
"Эмгек акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болот. Учурда STEM предметтеринин мугалимдеринин айлык акысы гана жогорулап, калган тарых, кыргыз...