Ормуз кысыгында үч кемеге дүрмөт тийди
Деңиз коопсуздугуна байкоо салган булактар жана маселеден кабардар расмий адамдар 11-мартта Ормуз кысыгында үч кемеге белгисиз дүрмөт тийгенин билдиришти. Бир кемеде өрт чыгып, экипаждын ири бөлүгү эвакуацияланды.
Рейтер кабар агенттиги эки булакка таянып жазгандай, Тайланддын желеги астында сүзүп жүргөн Mayuree Naree аттуу жүк ташыган кеме Оманга жакын жерде баратканда ага дүрмөт тийип жабыркаган. Агенттик Тайланддын Транспорт министрлигине шилтеме менен экипаждын 20 мүчөсүн Омандын деңиз күчтөрү куткарганын маалымдады.