Депутат Кожокулова сотторго басым кылбоого чакырды, президент ага жооп берди
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова президент Садыр Жапаровду сот системасын реформа кылууга чакырды. Бул тууралуу ал 11-мартта мамлекет башчы катышкан парламенттин жыйынында айтты.
“Биз соттордун кураторлорун жок кылуу боюнча маселени чече алабызбы? Соттордун өздөрү УКМКнын кызматкерлери куратор экенин айтып жатышат. Мен аты-жөндөрүн билбейм, бирок соттор өздөрү айтып жатышат”, - деди ал.
Садыр Жапаров депутатты “сотторду көзөмөлдөйт” делген адамдардын атын так атоого чакырып, азыр мындай кураторлор жок экенин айтты.