Чүйдө эки адамды өлтүрүүгө айыпталып төрт шектүү кармалды
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы эки кишинин өлүмүнө шек саналып төрт адам кармалганын билдирди.
Облустук милициянын маалыматы боюнча, 7-мартта Чүйдүн Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Ак-Торпок айылына жакын талаадан эки кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Бишкек-Ош автожолунун 48-чакырымындагы Петровка жана Ак-Торпок айылдарынын ортосундагы жерден болжол менен 200 метр батышта айдоо талаасынын четинен зомбулук менен өлтүрүлгөн эки эркек кишинин сөөгү табылган. Тергөөдө...