Былтыр скутер катышкан жол кырсыктарынан 39 адам каза тапты
Кыргызстанда 2025-жылы скутердин айынан 1015 жол кырсыгы болуп, андан 39 адам каза тапты. Быйылкы жылдын эки айында скутер айдагандардын күнөөсү менен 25 кырсык катталып, эки киши мүрт кетти.
Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысы Азенбек Козукеев Жогорку Кеӊештин 11-марттагы жыйынында билдирип, скутер айдагандар катышкан жол кырсыктары жылдан жылга көбөйүп баратканын айтты.
Министрлер кабинети скутерлерди, мопеддерди механикалык транспорт каражатына теңеп...