"Журналисттерди коргоо комитети" Жогорку соттун Тажибек кызы боюнча чечимин кубаттады
"Журналисттерди коргоо комитети" (Committee to Protect Journalists, CPJ) Кыргызстандын Жогорку сотунун эркин журналисттик иликтөө менен алектенген кабарчы, Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы боюнча чечимин кубаттады. Бул тууралуу уюмдун X соцтармагындагы баракчасына жарыяланды.
"Биз Жогорку соттун Темиров LIVE долбоорунун журналисти Махабат Тажибек кызына чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгаруу чечимин кубаттайбыз. Бул сөз эркиндигин коргоо жана адилеттик багытына жасалган маанилүү кадам"...