Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 10-мартта мандатын тапшырган Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевди кармады. Бул тууралуу 11-мартта “Азаттыкка” өздүк булактар билдирди. Кылмыш ишинин чоо-жайы боюнча азырынча маалымат жок.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-мартта өзү жазган арыздын негизинде Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыраткан.
45 жаштагы Куванычбек Конгантиев 2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектеги №21 округдан парламентке депутат болуп шайланып келген.