Жапаров: Министрликке сунушталган он талапкердин тогузу таза эмес болуп чыкты
Президент Садыр Жапаров келечекте мамлекеттик ишке кызматкерлерди бекитүү кадрлардын жерлигине эмес, билимине карай тандаларын айтты. Мамлекет башчы бул тууралуу 11-мартта Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Жапаров учурда "Акылман" мектебинде тарбияланып жаткан балдарды мисал келтирди:
"Келечекте кадрлар кимдир бирөөгө туугандыгы, жерлигине карап дайындалбайт. Билимдүү, илимдүү, тажрыйбалуу менежер деген принциптер менен кызматка алына баштайт. Отуз жылдан бери биз түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келгенбиз...