Ош мэриясы төрт муниципалдык ишкана күрөөдө экенин билдирди
Ош шаардык мэриясы төрт муниципалдык ишкананы күрөөгө коюп, насыя алган. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз катчысы Жылдызбек Болотбеков “Азаттыктын” аймактагы кабарчысына билдирди.
Болотбековдун сөзүнө караганда, Ош шаарындагы “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты”, муниципалдык автотранспорт ишканасы, “Ошшаарсууканал” жана “Ош автобекети” муниципалдык ишканалары күрөөдө турат.
“Буга чейин эки ишкана айтылган эле. Негизи төрт ишкана, 2 миллиарддан ашуун, 3 миллиардга жакын суммага күрөөгө коюлган.