Өкмөт автоунаалардын туннелдер аркылуу өтүү акысын бекитти
Кыргызстандын Министрлер кабинети атайын токтом менен унаалардын Бишкек-Ош жана түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы туннелдер аркылуу жүрүү акысын бекитти. Токтомго ылайык, баалар жалпы пайдалануудагы автоунаа жолдорундагы туннелдерди талаптагыдай күтүүнү жана эксплуатациялоону камсыз кылуу максатында бекитилгени айтылды.
Ага ылайык, Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн айдоочудан башка сегиз орундан ашпаган жеңил автомашиналар Бишкек-Ош жолундагы туннелдерге 50 сомдон, түндүк-түштүк...