Жогорку сот Махабат Тажибек кызына чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти райондук сотко жөнөттү
Жогорку сот 10-мартта Кыргызстанда ишмердиги экстремисттик деп табылган Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, камакта жаткан Махабат Тажибек кызына чыккан буга чейинки өкүмдөрдүн баарын жокко чыгарып, жаӊы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти Бишкектин Ленин райондук сотуна жиберди.
Ага ылайык, Жогорку сот Махабат Тажибек кызын алты жылга абакка кескен Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы өкүмү, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек...