Байсалов БУУнун кийинки башкы катчысы аял болушу керек экенин айтты
Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) кийинки башкы катчысы аялдардан шайланышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өтүп жаткан Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 70-сессиясында билдирди:
"БУУнун тарыхында уюмду бир да жолу аял башкарбаптыр. Бул жөн эле символизм маселеси эмес, ишеним жана аброй маселеси. Бүт дүйнөнү гендерлик теңчиликти өнүктүрүүгө чакырган мекеме да бул милдеттенмени өзүнүн жетекчилигинин...