Трамп Иран операциясы жакында аяктарын, аятолла шайлоонун жыйынтыгына ыраазы эместигин билдирди
АКШ президенти Дональд Трапм өткөн айдын соңунда Иранга каршы башталган аскердик операция "чукул арада" аягына чыгарын билдирип, Иран Жакынкы Чыгышка мунай ташууга жолтоо болчу болсо "дагы катуураак чабуулга кабыларын" убада кылды.
Трамп бул тууралуу 9-март күнү, Тегеран Израилге жана Перс булуңундагы бир катар араб өлкөлөрүнө дрон менен чабуул койгондон жана Можтаба Хаменеи атасы маркум Али Хаменеинин ордуна жогорку лидер болору белгилүү болгондон кийин билдирди.
"Биздин жеңиштерибиз абдан ынанымдуу.