Трамп Австралияны ирандык футболчу аялдарга башпаанек берүүгө чакырды
АКШнын президенти Дональд Трамп Австралия Ирандын футбол боюнча аялдар командасына үйүнө кайтууга жол берип, “чоң гуманитардык ката кетиргенин” билдирди. Ал Австралиянын өкмөт башчысын спортчуларга башпаанек берүүгө чакырды.
Азиянын чемпионаты АКШ менен Израил Ислам жумуриятына биринчи сокку урган күнү башталган. Ирандыктардын командасы алгачкы матчта улуттук гимнди аткарбай, унчукпай турганда аларды “чыккынчылар” деп аташкан. Бирок кийинкилеринде гимнди ырдап, патриоттук ишараттарды жасаганы өздөрү...