Токторбаев Ош мэриясынын карызы 2 млрд 200 млн сом экенин айтты
Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев “ал иштеп турганда мэриянын карызы 12 млрд сомго жеткени” тууралуу маалыматтарды четке кагууда. Ал 9-мартта “Азаттыкка” берген маегинде Ошко бөлүнгөн каражат тууралуу да маалымат берди.
Анын сөзүнө караганда, ал Ошко мэр болуп дайындалганга чейин Мамыров, Амир-Тимур, Көкүм бий көчөлөрүн оӊдоого 586 млн сом бөлүнгөн. Ал кызматка киришкенден кийин 2 млрд 200 млн сом бөлүнгөнүн, ага бир катар көчөлөр оӊдолуп, Ошто баш-аягы 100 чакырымга жакын жолго асфальт төшөлгөнүн айтты.