Республикалык кан борборунун мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан борборунун мурдагы жетекчиси коррупциялык схема уюшурууга шектелип кармалганын кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү кан борборун 2012-жылдан 2025-жылдын августуна чейин жетектеп турган.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы ал жеке менчик компаниялардын биринин жетекчиси менен келишим түзүп, кан борборуна кымбат баалуу медициналык жабдууларды - Cobas S201 маркасындагы пцр-лабораториясын...