Ырайым менен эркиндикке чыккан Даниел Ажиев эки айга камалды
Президенттин ырайымы менен абактан чыкканынан көп өтпөй, кайрадан маңзат ишине шек саналып кармалган Даниел Ажиев 8-мартта эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.
Мындай чечимди 7-мартта Токмок шаардык соту чыгарганын Чүй облустук сотунан ырасташты.
Даниел Ажиев 6-мартта Токмок шаарынын айланма жолунда кармалган. Ага Чүй облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”) негизинде кылмыш ишин козгогон.