Бишкекте аялдардын укуктарын коргоону талап кылган акция өттү
Бишкек шаарындагы Горький атындагы эс алуу багында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыз-келиндердин укуктарын коргоону талап кылган акция өттү. Бул тууралуу ага катышып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.
Акцияны уюштурган демилгелүү жаштар белгилегендей, алар муну менен аялдардын укугун коргоону, гендердик теңчиликке коомчулуктун көңүлүн бурууну жана кыз-келиндердин үнүн угузууну көздөшүүдө. Ага 100гө жакын адам катышты.
Иш-чаранын катышуучулары “Ак үйдө кыздар көбөйсүн!”, “Аял укугу ...