Ирандын БУУдагы өкүлү бир аптада 1300дөн ашык жайкын тургун каза болгонун билдирди
АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясында бир апта ичинде 1332 жайкын тургун каза болгонун Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани айтып чыкты. Би-Би-Си жазгандай, Иравани Ирандагы Кызыл Ай коомунун маалыматы боюнча каза болгондордун арасында аялдар жана балдар да бар экенин билдирди.
“Дагы миңдеген киши жараат алды жана алардын саны улам өсүүдө”, - деген ирандык өкүл мектептер, оорукана жана башка жарандык инфраструктура “максаттуу бута катары тандалганын” белгиледи.