Милиция Даниел Ажиев маңзат ишине байланыштуу кармалганын билдирди
Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы Даниел Ажиевдин кармалышы тууралуу 6-мартта маалымат таратты. Анда Ажиев ушул эле күнү Токмок шаарынын айланма жолунда кармалганы айтылат.
Милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”) негизинде кылмыш ишин козгогон.
Ажиев облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.
Ички иштер министрлиги...