Пезешкиан: Ирандагы жаңжалды токтотуу үчүн бир нече өлкө ортомчу болууга аракеттенүүдө
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан бир нече өлкө жаңжалды жөнгө салуу үчүн ортомчулук аракеттерин баштаганын билдирди.
«Ачык айтып коёлу. Биз аймакта туруктуу тынчтык орношун каалайбыз, бирок өлкөбүздүн кадыр-баркын жана суверенитетин коргоодо эч кандай тартынбайбыз», — деп жазды ал 6-мартта X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Анын айтымында, ортомчулук аракеттери «бул жаңжалды тутандырган тараптарга» багытталышы керек.
Ал кайсы мамлекеттер ортомчу болууга аракет кылып жатканын тактаган жок....