Британияда Ирандын пайдасына тыңчылыкка шектелген төрт адам кармалды
Британиянын полициясы Ирандын пайдасына тыңчылык кылган жана Лондондогу жөөт коомчулугуна байланышкан жайларды жана адамдардын артынан аңдыган деген шек менен төрт адам кармалганын билдирди.
Лондондун Метрополитен полициясы 6-мартта маалымдагандай, кармалгандардын бири Иран жараны, ал эми калган үчөө Британия менен Ирандын кош жарандыгына ээ. Шектүүлөр Лондондун түндүгүндөгү Барнет районунда жана борбордон түндүктө жайгашкан Уотфорд шаарында өткөрүлгөн операциялар учурунда кармалган.
Полиция алардын жашы 22ден 55 жашка чейин экенин билдирди.