Жапаров айдоочулардан жеринде эреже суроого эртелик кыларын айтты
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде Ички иштер министрлигине (ИИМ) жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алганы боюнча да комментарий берди.
Мамлекет башчы демилге туура экенин белгилеп, бирок азырынча эртелик кыларын айткан.
"Негизинен бул ыкма туура. Бирок кичине эртерээк деп ойлойм. Себеби, биринчи кезекте МАИ кызматкерлеринин өздөрүн толук даярдап чыгышыбыз керек. Айрым МАИ кызматкерлери...