Өздөрүн "күч кызматкерибиз" деп, 11 млн сомго алдап кеткен шектүү топ камакка алынды
20-февралда Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) шаар тургуну кайрылып, белгисиз бирөөлөр 11 млн сомдон ашуун акчасын алып кетишкенин билдирген.
РИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, арыз ээси шектүүлөр WhatsApp аркылуу чалып, өздөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук банктын кызматкерибиз деп тааныштырышканын, "акчаңыздын коопсуздугун камсыздап беребиз" деп алдап, 11 млн 275 миң сом акчасын өздөрүнө котортуп алышканын айткан.