Алиев Азербайжанга жасалган дрон чабуулун «террордук аракетке» теңеди
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Нахичевань аймагына жасалган дрон чабуулду "террордук аракетке" теңеди.
«Иран бийлиги Азербайжан тарапка түшүндүрмө бериши керек. Расмий кечирим суралышы зарыл жана бул террордук аракетке катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек», — деди Алиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 5-мартта учкучсуз аппараттардын бири Нахичевань аэропортуна тийип, имаратка зыян келтирген. Экинчи дрон Шекерабад аймагындагы мектептин жанында кулаган.