Түркияда дагы бир өзбекстандык аял киши колдуу болгону кабарланды
2-март күнү Түркиянын Балыкесир провинциясынын токойлуу жеринде аялдын таанылгыс абалдагы сөөгү табылган. Жергиликтүү Sabah басылмасы ал Өзбекстандын жараны, Самарканддан барган 46 жаштагы Дилафруз Чулиева болушу ыктымалдыгын жазды.
Чулиева эки айдан бери дайынсыз жоголуп, издөө жарыяланган. Анын жакындары табылган өлүктүн үстүндөгү кийим Дилафрузга таандык болушу мүмкүн экенин айтышкан. Бирок азырынча расмий маалымат жок.
Басылманын жазганына караганда, Дилафруз Чулиева Түркияда мыйзамдуу жашап, иштеп жаткан.