Кувейттин жээгинде танкерде жарылуу болуп, сууга мунай төгүлдү
Улуу Британиянын Деңиз соода уюму (UKMTO) Кувейттин жээгинде танкердеги жарылуу мунайдын төгүлүшүнө алып келгенин билдирди.
Уюмдун маалыматына караганда, окуя 4-марттын кечинде Кувейттин Мубарак ал-Кабир портунан түштүк-чыгышта 55,5 чакырым аралыкта болгон. Кувейттин Ички иштер министрлиги окуя өлкөнүн аймактык сууларынан тышкары, порттон кеминде 60 чакырым алыстыкта болгонун тактады.
Кемеказыкта турган танкердин капитаны UKMTOго порттун жанында катуу жарылууну укканын, ошондой эле кичине кеме көргөнүн, ал аймактан чыгып кеткенин билдирген.