Азамат Марипов үч жылдык пробация менен абактан чыкты
Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси Азамат Марипов эркиндикке чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жакындары билдирип, Жогорку сот 3-мартта Азамат Мариповду коюлган кине боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен абактан бошотконун кабарлашты. Андан тышкары ага 50 миӊ сом айып пул салынган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 6-октябрда Азамат Мариповду Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери менен күнөөлүү деп таап...