Ирактын бардык аймагында жарык өчтү
Ирактын Энергетика министрлиги электр энергиясын берүү толугу менен токтогонун жана окуянын себептерин иликтөө башталганын билдирди. Жарык берүү качан калыбына келтирилери белгисиз.
INA агенттиги аймактардын биринин энергетика департаментинин жетекчилерине таянып билдиргендей, бул көйгөйдүн чыгышына электр станцияларына газдын жетиштүү көлөмдө берилбей калганы жана электр өткөргүч линияларына урулган соккулар себеп болушу мүмкүн.
Басылма муну менен катар Самаррадагы Салах ад-Дин атындагы электр станциясына жапырт ракета чабуулу коюлганын...