Токтогулда 1 млн сомдой алимент өндүрүлдү
Токтогул райондук сот аткаруучулар кызматы жашы жете элек балага төлөнбөй келе жаткан 991 433 сом алименттик карыз өндүрүлгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, М.Э.А. аттуу жарандан кирешесинин ½ бөлүгүн жашы жете элек баланы багуу үчүн алимент катары төлөө милдеттендирилген.
Өз учурунда төлөнбөгөн 991 433 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз мажбурлоо чараларынын натыйжасында толугу менен өндүрүлүп, баланын энесине өткөрүлүп берилди.
Сот аткаруучулар кызматы жакында Ноокатта 585 миң сомдук алиментти баласынын эсебине өндүрүп беришкен.