ЖАМК Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулганын билдирди
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигинин көрсөтмөсү менен абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 4-мартта "Азаттыкка" маалымдады.
Ушул эле күнү Акыйкатчы институтунун кызматкерлери да №27 жаза өтөө мекемесине барып, Аскат Жетиген менен жолугушкан. Омбудсмен институту аталган түрмөдөн топтолгон материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлөрүн "Азаттыкка" кабарлады.
№27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан жарандык активист, ырчы Аскат...