Жаз майрамын утурлай Кыргызстанга 4 млн даана гүл алып келинди
Жаз майрамын - Аялдардын Эл аралык күнүн утурлай Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 4 миллион даан гүл импорттолду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдап, февралдын башынан бери алып келинген гүлдүн саны январдагы көрсөткүчкө караганда 31% көп болгонун белгиледи.
Маалыматка ылайык, эң көп ташылган гүл - роза. 1-февралдан бери өлкөгө 3,56 млн даана роза алып келинген. Андан кийинки орундарда орхидея, хризантема, лилия жана гвоздика гүлдөрү турат.
Гүлдөрдүн басымдуу бөлүгү учактар менен ташылат.