Депутат Сурабалдиева 8-Март маршын өткөрүүгө уруксат берүү маселесин көтөрдү
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 8-мартта Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берүү маселесин көтөрдү. Ал калаа бийлигине жана укук коргоо органдарына кайрылып, кыз-келиндерге тилектештик билдирген иш-чара маанилүү экенин белгиледи.
“Уркуя Салиеванын айкелинен башталып, Горький сейил багына чейин жөө жүрүш кылсак жакшы болмок деп жатышат. Урматтуу укук коргоо органдары, мэр. Бул жерде көбүнчө айымдар, жаш кыздар болот”, - деди Сурабалдиева.
Депутат...