Сауд Арабиясынан эки учак менен 210 жаран Кыргызстанга келатат
4-мартта Сауд Арабиясынын Жидда шаарынан эки учакта 210 адам Кыргызстанга жолго чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, 120 киши Ошко, 90 киши Бишкек шаарына конот.
“Биз авиакомпания өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар бир каттамга буга чейин билети барлардан тышкары кошумча 20 орун бөлдүрдүк. Бул орундарга биринчи кезекте ооруп жаткандар, кары-картаңдар, аялдар жана жаш балдар чакырылды. Өзгөчө өтүнүч: Эгерде сиздерге тиешелүү кызматтардан атайын чакыруу келбеген болсо...