CPJ Ирандын абактарындагы журналисттердин коопсуздугуна тынчсыздануусун билдирди
Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Ирандагы түрмөлөрдө кармалып турган журналисттердин коопсуздугуна олуттуу тынчсыздануусун билдирип, расмий Тегеранды аларды дароо жана эч кандай шартсыз бошотууга чакырды.
Уюмдун маалыматына караганда, азыркы учурда кеминде 15 журналист камакта жатат. Алардын арасында ирандык-америкалык журналист Реза Вализаде, жапон журналисти Шинносуке Кавашима, ошондой эле Мохаммад Заре-Фумани бар. Алардын баары Тегерандагы Эвин түрмөсүндө.
Бул түрмө жайгашкан аймактын тургундарына...